Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Мадумаровдун кол тийбестигин алуудан баш тартты

Жогорку Кеңеш Мадумаровдун кол тийбестигин алуудан баш тартты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Reporter.kg′ге билдирди.

Анын айтымында, 68 депутат Башкы прокуратуранын суранычын четке какты. Жалпы 68 добуш берүүгө катышкан.

Жогорку Кеңешке Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоого уруксаат сурап кайрылган.  Ал үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бүгүн, 9-март күнү депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев депутаттык комиссия Мадумаровго кылмыш козгоого уруксаат бербөө чечимин кабыл алганын билдирип чыккан болчу.

Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өткөрткөн.

 

Exit mobile version