Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар Палестин элине жардам берүүнү сунушташты.
Депутат Жалолидин Нурбаев Тышкы иштер министрлигин атайын эсеп ачууга чакырды.
“Биз эмне кыла алабыз? Коридор ачып, дары-дармек, гуманитардык жардам жеткирип берели? Жогорку Кеңеш өз позициясын билдирсин”, — деди Айбек Осмонов.
Жаныбек Кыдыкбаев Палестинага жардамга депутаттардын бир күндүк айлыгын которууну сунуштады.
“Биз өзүбүздүн согушка каршы көз-карашыбызды билдиришибиз керек. Мусулманбыз дейбиз дагы унчукпай олтурабыз”, — деди ал.
Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Израил-Палестин жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын белгиледи.
“Согуш болуп, өмүрлөр кыюлууда. Кыргызстан – тынчтыкты сүйгөн өлкө. Адам өмүрү баарынан кымбат. Мындайга кайдыгер болбош керек. Жардам берүүнүн жолдорун караштырабыз”, — деди ал.
Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү. Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 16-октябрга карата 2 миң 808 киши каза болуп, 10 миң 800 жаракат алды. Набыт болгондордун 64 пайызы аялдар жана балдар. Израил тарап буга чейин Хамастын кол салуусунан 1 миң 400 киши көз жумганын кабарлаган.
Кечээ Израил аскерлери Газаданы ооруканага чабуул жасап, анда 500 киши каза болду.
Израил-Палестин жаңжалы. Парламентте жабыркагандарга жардам берүү сунушталды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз