Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Равшан Сабировду министр кылып дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Равшан Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кылып дайындоого макулдугун берди. Бул маселе бүгүн, 5-декабрда парламенттин жыйынында каралды.

Сабировду министр кызматына дайындоого 77 депутат макулдугун берди, каршы болгондор чыккан жок.

Эскерте кетсек, 4-декабрда президент Садыр Жапаров Жылдыз Полотованы кызматтан алып, анын ордуна Равшан Сабировду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Равшан Сабиров 54 жашта. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2011-2012-жылдары социалдык өнүктүрүү министри кызматын ээлеген. 2012-жылы июлда ал пара опузалоого шектелип кармалып, кызматтан алынган. 2013-жылы 7-мартта Бишкек шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы Сабиров мунапыс менен абактан чыккан.

2020-жылы 12-октябрда вице-премьер-министр кызматына дайындалган. 2021-жылы февралда президенттин кеңешчиси болгон. Ошол эле жылы Жогорку сот ага чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган.

2021-жылы декабрда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

2022-жылы мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматына дайындалган. Ошол эле жылы сентябрда арыз жазып, кызматтан кеткен.

Exit mobile version