Жогорку Кеңештин сайтынын баракчасы жаңыланды. Бүгүн парламентте анын бет ачары өттү.
Сайт, телестудия жана пресс-залды оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө бюджеттен 4 миллион сом каралып, анын 3 миллион 700 миңи сарпталды.
Парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Алай Алымбековдун айтымында, алдыда дагы бир долбоор ишке ашырылат. Анын алкагында жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы заматта сайтта көрсөтүлөт.
«Бул долбоор 2026-жылдын башында ишке ашат. Ошондо биздин интернет баракча мындан дагы жакшырат»,- дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз