Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Таластагы чокуну Бакай Ата деп атоо тууралуу мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңеш бүгүн, 26-февралда Талас облусундагы чокулардын бирин Бакай Ата деп атоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Аталган чоку Айтматов районунун Кара-Сай айылынын түштүк батышында жайгашкан. Анын бийиктиги 4 миң 457 метрди түзөт.

Эми мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Exit mobile version