Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш унаалардын айнектерин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

17-мартта Жогорку Кеңеш унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатууга мыйзамдын негизинде уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу ишке ашат.

Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен жыл сайын 20 миң унаанын терезеси караңгылатаары болжолдонуп жатат.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору министрлер кабинети тарабынан төмөнкү максаттарда демилгеленген:

Айта кетсек, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Так баасын министрлер кабинети мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет.

Exit mobile version