Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш уран кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерин иштетүүгө киргизилген мораторийди жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбооруна 70 депутат макул, 8 эл өкүлү каршы деген добуш берди. Эми аталган документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Exit mobile version