Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды (РЕЗЮМЕ)

Депутаттар тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн эл өкүлдөрү тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карашты. Аны 71 эл өкүлү колдоду.

РЕЗЮМЕ

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган.

Билими: Москва Аскер институтун, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун аяктаган:

Эмгек жолу:

1992-1996-жылдары — Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин экинчи катчысы, биринчи катчысы, кеңешчиси;

1996-1998-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы;

1998-2001-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кеңешчиси;

2001-2003-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы, Тышкы иштер министринин орун басары;

2004-2007-жылдары — Шанхай кызматташтык уюмунун жооптуу катчысынын орун басары;

2007-2009-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;

2009-2010-жылдары Кыргызстандын Кытай, Монголия жана Сингапурдагы элчиси.

Маалым болгондой, ал 2018-жылга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору болуп иштеген.

2018-жылдын октябрында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалган;

2021-жылдын августунда — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген;

2022-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Exit mobile version