Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдардын ишинин ачыктыгы тууралуу мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 25-июнда “Коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулугу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документ кесиптик бирликтердин, саясий партиялардын, кооперативдердин жана диний бирикмелердин ишмердигине тиешелүү.

Демилгеге ылайык, аталган уюмдар салык органынын сайтында өз ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалыматтарды жарыялоого милдеттүү. Отчетто каржылоо булактары, чыгымдоо багыттары жана алынган, пайдаланылган же ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтар камтылат.

Exit mobile version