Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеште бир катар министрлер ант беришти

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров , министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров , УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда парламенттин  жыйыны өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы дайындалган бир катар министрлер ант беришти:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;

— Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ант берүү аземине катыша алган жок.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version