Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Султанбай Айжигитов кайым айтышты.
Жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча баяндама жасап жатып, мурдагы жумада Айжигитов калкан болуп турган Достук айылы Тажикстанга берилип жатканын айтканын эске салып, Айжигитовдун сөздөрүн четке какты. Ташиев Айжигитовдун айткандары анын жүрөгүнө тийгенин билдирди.
Сөзүн улай Ташиев Айжигитовго 2017-жылы бир баланы сабаган делип кылмыш иши козголгонун, кийин ал сотко жөнөтүлгөндө, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жабылганын кеп кылды. Ал Айжигитов парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документ тапшырып жатканда, ага кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматты жашырганын, ал үчүн эртең Айжигитов мандатынан ажырап алышы мүмкүн экенин билдирди.
«2017-жылы бир жаш баланы уруп коюптурсуз. Сиздин бир туугандар сот системасында иштейт экен. Бейбашбык беренесин башка беренеге которуп отуруп, мөөнөтү өтүп кетти деп сиз кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган экенсиз. Бирок ошол кылмыш жоопкерчилигине тартылганыңыз тууралуу маалымкатты БШКга бербептирсиз. Эртең Султанбай Абдрашитовичтин мандатын алып койсо, таң калбаңыздар. Мен БШКга «ушундай маалымкат барбы?» деп кайрылдым. Жок экен», — деген Ташиев мыйзам боюнча Айжигитов аталган маалымкатты БШК тапшырыш керек болгонун айтты.
Ташиевдин айтымында, ал БШКга кайрылгандан кийин комиссия Айжигитовдун мандаты боюнча маселени карай баштаганын кабарлаган. Бирок Ташиев чек ара келишими каралып бүткөнгө чейин ал маселени карабай турууну, Айжигитов мандатынан ажыратылса, ага сөз тие турганын айткан.
«Мен «карабагыла» дедим. Келишимди ратификацияга чейин Айжигитовдун мандатын алып койсоңор, элдин баары «булар ратификациядан коркуп кетип, мандатын алдырып койду» деген сөз болорун айттым», — деди ал.
Ошол эле учурда Ташиев чек ара боюнча келишим ратификациядан өтүп, андан кийинки тиешелүү жол-жоболор бүткөн соң БШКга кайра кайрыла турганын билдирди.
Ташиев бир метр жерди бергендин ордуна өз башын бергени жакшы экенин, чек ара маселесин Кыргызстандын пайдасына чечтим деп эсептей турганын айтты.
Сөз Айжигитовго берилип, ал чек ара боюнча сүйлөбөй турганын, бирок ага коюлуп жаткан айыптоолорго жооп берерин билдирди.
«Камчыбек Кыдыршаевич, азыр күч да, акча да, ЖМК да, бүт бардык ресурстар сиздердин колуңуздарда, эмне десеңер жараша берет», — деп айтып келе жатканда анын сөзүн Ташиев бөлүп: «Кайым айтыш уюштурбайлы. Бул жерде күчтүн эмне тиешеси бар. Сиз кайра эле саясат ойноп жатасыз. Мен фактыларды айтып жатам, сизди күнөөлөгөн жокмун. Сизге тиешелүү органдар күнөө тагат», — деди.
Андан соң сөздү кайра алган Айжигитов убактысын чектебей, сүйлөп алганга мүмкүнчүлүк берүүнү сурады.
«2017-жылы бир баланы уруп койдуңуз деген боюнча, эгер ал чындык болсо, ошол жерде видеокамералар бар болчу. Видеолор кана? Мен аны көгөртүп, муунтуп, тепкилеп салгандай айтып жатасыңар. Ошол экспертизанын сүрөттөрү каякта, жок да. Жөн гана куру сөз. Мугалимдер да «өзүбүз көргөн жокпуз, ушинтип айтышты» дейт. 5-6-класстагы балдардын көрсөтмөсү такыр туура эмес. Бардык жасалган нерсе чакымчылдык болгон. Мен муну ошондо деле айткам», — деди ал.
Депутат билдиргендей, анын жубайы мектептеги ата-энелер фонду мыйзамдуу эмес деп айтып чыкканы үчүн уулу куугунтукка кабылган.
«Мугалимдер сабакта «Айжигитовдун баласы бекер окуп жатат» деп элден бөлгөн. 3-4 бала рекетчилик кылып, салык салып жүргөн. Анын айынан менин балам бир жыл дарыланды. Буга ким жооп берет?», — деди ал.
Айжигитов тергөөчүлөр анын мойнуна эч нерсе иле албай, ишти бир жыл созуп жүргөнүн айтты.
«Ал турсун мени «качып кетти, издөөдө» деп ишти узартып коет. Себеби далили жок болгон», — деди ал.
Депутат анын иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен жабылганын, соттуулугу жок экенин билдирди.
«БШКга барганда алар текшерткен. ИИМден «жоопкерчиликке тартылганбы, соттолгонбу?» деп суроо жөнөткөндө, кылмыш иши козголуп, бирок ал жабылган деп чыккан болуш керек», – деди ал.
Айжигитов Камчыбек Ташиев менен президентке да мурда кылмыш иши козголгонун эске салды.
«Айтпайын десең, айттырасыңар! Өзүнүзгө деле мамлекеттик кылмыш боюнча иш ачылган. Президенттин үстүнөн да ачылган. Бирок силер чыккандан кийин ишти жаап, соттуулук алынды. Меники деле соттуулук алынган. Өзүнүздөрдүн көзүңүздөрдөгү тарашаны көрбөй, менин көзүмдөгү кыпынды издейсиңер», — деп айтып келе жатканда Айжигитовдун микрофону өчүрүлүп, ал сөзүн аягына чыга алган жок.
Айжититовдун сөзүнө Ташиев жооп берип, алар саясий иш боюнча соттолгонун айтты.
«Сиздикин сот мөөнөтү өттү деп жапкан экен. Биздики жабылган эмес, сот бизди актаган. Экөөнүн айырмасы бар», — деди Ташиев.
Микрофону өчүрүлгөн Айжигитов бир нерсе айтып калууга аракет кылып, анын үнү үзүл-кесил болуп «мага басым жасап жатасыңар, жалган маалымат берип жатасыңар, сөз бергиле» деп айткандары гана угулду.
Эскерте кетсек, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча кооптонууларын айтып чыккан. Ал Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилбеши керектигин, ошондой эле Ворух анклавынын жери, бейтарап макамын ала турган жолдор боюнча оюн билдирген.
Бул билдирүүсүнөн кийин ал парламенттеги «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
Көп өтпөй анын сынына президент Садыр Жапаров да жооп берип, Айжигитовдун айткандарын «демагогия» деп атаган.