Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеште жаңы депутат ант берди

Жакында эле депутаттык мандат алган Жайлообай Нышанов бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында ант берди.

Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат. Ага ылайык Нышанов парламент жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.

Эскерте кетсек, Жайлообай Нышанов «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болду. Ага партиялашы Чынберди Төлөнов тапшырган мандат тийди.

Төлөнов депутат болуп 1 жылдан 1 ай иштеди.

Бир жыл депутат болгон Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды

Exit mobile version