Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиевдин мандаты алынды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 19-августта өткөн жыйынында кабыл алынды.
БШКнын отурумунда айтылгандай, Абдалиев мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз жазган. Анын мандатын алууну БШКнын 12 мүчөсү бир добуштан колдоду.
Мейкинбек Абдалиев парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты болгон. Азырынча анын мандатын тапшырганынын себеби белгисиз. Комментарий алуу үчүн ал менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Эскерте кетсек, буга чейин да бир катар депутат мандатын тапшырып кеткен.
Дагы бир депутат ЖКдан кетти. Бул ирет Тазабек Икрамов мандатын тапшырды