Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңешти каржылоого бир айда канча каражат жумшалды?

Сентябрь айында Жогорку Кеңешке бюджеттен 92 миллион 733,4 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Ага ылайык, эң көп чыгаша 79,51%ды же 73 млн 729,5 миң сомду түзүп, эмгек акыга берилген.

Белгилеп кетсек, сентябрда август айына салыштырмалуу Жогорку Кеңештин чыгашасы 19,55%га азайган. Бул эмгек акы чыгымдарынын 22,79%га кыскарышы менен байланыштуу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version