Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңешти каржылоого март айында 92 млн сом жумшалды

Каржы министрлиги март айында Жогорку Кеңешти каржылоого 91,9 миллион сомдон ашык каражат жумшалганын, бул бюджеттин баштапкы планынан 10,9%га же 9 миллион сомго көп болгонун билдирди.

Март айындагы чыгашалар 2023-жылдын биринчи чейрегинде эң жогорку болгон жана 2022-жылдын март айындагы чыгашалардан дээрлик 40% ашкан.

Финансы министрлиги тарабынан берилген маалыматтар март айында эмгек акы чыгашалардын дээрлик 64%ын түзүп, ага 58,4 млн сом бөлүнгөнүн көрсөтөт.

Дагы бир олуттуу керектөө автоунааларга жана жабдууларга келип, анын баасы 13 миллион 183,2 миң сомду түздү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version