Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин 4 депутатынын жасалма диплому аныкталды (ТИЗМЕ)

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү улантылууда. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда,  Учурда жасалма дипломдорду колдонууга шектелгендердин бардыгы текшерилүүдө:

     Ошондой эле, кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

УКМК кыргыз жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө, же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызмат ордун бошотууга чакырат.

 

 

Exit mobile version