Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кытайга барды. Тизме

Саясий партиялардын Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган парламент депутаттары Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмил Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрү Кытайда иш сапары менен жүрүшөт.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барышып, акылдуу шаар системасы менен таанышкан.

«Тагыраагы, инженердик тармактарды башкаруу, коомдук тартипти, жол жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү ж.б программалар көрсөтүлдү. Андан соң депутаттар жана тараптардын өкүлдөрү Сяоми технопаркына барышып, электроника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди көрүштү», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, делегациянын мүчөлөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын тарых музейинде болушкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version