Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенге барды

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу Баткен облусуна көчмө жыйын өткөрүү үчүн келди. Бул тууралуу парламенттин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки күнгө созула турган көчмө жыйынга Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттык топтун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Тазабек Икрамов, Чыңгыз Ажибаев, Максатбек Сарбагышев жана Нурлан Ражабалиев катышууда. Ошондой эле Министрлер кабинетинин тиешелүү өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Алгач эл өкүлдөрү Баткендеги айылдарды кыдырып, маселелер менен таанышат. Андан соң эл менен жолугушуп, болгон көйгөйлөрдү талкуулайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version