Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров мандатынан ажыратылды. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыкканы расмий сайтында жарыяланды.
Ал БШКга мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыз жазган. Юсуров «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болгон.
2007-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс”сасый партиясынын тизмеси аркылуу VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Анын ордуна Эркин Жолдошалиев келди. БШК ага төш белги берди.