Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин IV сессиясынын иши жыйынтыкталып, депутаттар эс алууга чыкты

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды.

Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, аталган сессияда депутаттар маанилүү мыйзамдарды кабыл алганын, бул иште өзүнүн милдетин так аткарганын билдирди.

Ошондой эле ал эл арасында парламенттин ишине байланыштуу ар кандай орундуу, орунсуз пикирлер, сындар айтылып келе жатканын кошумчалады.

«Анын ичинен Жогорку Кеңеш алсырап калды, акыбалы мурдагыдай эмес дегендерге кошулбайм. Анткени, мамлекеттеги маанилүү маселелердин бардыгы депутаттардын кароосунан өтмөйүнчө чечилбейт. Кандай программа, кандай мыйзам долбоору болбосун парламент кабыл албаса ал ишке ашпайт жана колдонулбайт. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын бардыгы эл өкүлдөрү иштеп чыккан мыйзамдардын жана эрежелердин негизинде болууда»,- деди спикер.

Белгилей кетсек, ЖКнын кйинки сессиясы сентябрдын биринчи жумуш күнүндө өз ишин баштайт. Ага чейин эл өкүлдөрү бир ай эмгек өргүүдө болушат, ал эми бир шайлоочулар менен жолугушат.

Exit mobile version