«Кырк уруу жети дубан ынтымагы» коомду бирикмесинин бир катар мүчөсү «массалык башаламандыктарды уюштуруу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылы 20-декабрда аларга «Кырк уруу жети дубан ынтымагы» бирикмесинин айрым мүчөлөрү байма-бай жолугушуу өткөрүп, өлкөдө массалык башаламандыктарды, каршылык акцияларын өткөрүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.
24-февралда милиция бирикменин бир катар мүчөсүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүп, граната, чолок мылтыктар (обрез), тапанча, ок-дарылар, камуфляж кийимдери, атайын бет каптар, баңгизаттар, диний адабияттар, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча нускамалар, бычак, унаа номерлери, уюлдук телефондор, флэш карталар жана башка буюмдары табылып алынган.
ИИМдин Тергөө кызматына 62 жаштагы У.К., 69 жаштагы Ч.А., 42 жаштагы И.К., 60 жаштагы Н.К., 56 жаштагы И.Д., 60 жаштагы Т.Ж., 58 жаштагы О.И., 46 жаштагы И.Ж., 50 жаштагы А.К., 57 жаштагы У.К. жана 64 жаштагы К.Б. аттуу жарандар, жалпы 11 адам жеткирилип, шектүү катары убактылуу кармоочу жакамакка алынган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты бар.
Тергөө иштери уланууда.
Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, шектүү катары мурдагы депутат Бакыт Керимбеков кармалган.