Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты президентке жардамчы болду

Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Алманбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана узак жылдар учурдагы Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаевдин санаалашы болуп келген.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясын жетектөөгө Темиркул Балтабаев дайындалганын «Репортерго» өздүк булактар кабарлады.

Ал буга чейин «Кыргызстройсервис» ишканасын жетектеп келген.

Exit mobile version