Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин пансионаты таштандыга толуп калды — видео

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Алтын-Көл” пансионатында таштандылар такыр тазаланбайт. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, пляжда жана пансионаттын аймагында таштандылар чыгарылбагандыктан жагымсыз жыт пайда болууда.

“Пансионаттын администрациясына деле кайрылдык. Директору эч кандай чара көргөн жок. Күн ысыкта таштандылардан жагымсыз жыт чыгып, ыңгайсыздык жаратууда. Муну менен айлана-чөйрө булганып, элдин ден соолугуна таасирин тийгизүүдө. Пансионатта эс алган депутаттар деле ушуну көрбөй жатабы?”, — дешти тургундар.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн жээгинде мамлекеттик 4 пансионат бар, алар мурда Өзбекстанга таандык болчу. “Аврора” пансионаты президенттин иш башкармалыгынын карамагына өтсө, “Алтын-Көл” пансионаты Жогорку Кеңешке караштуу болуп эсептелинет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Exit mobile version