Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңештин үч депутаты мамлекеттик сыйлыкка татыды

Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттары да сыйлык алганын эске салды.

Тагыраак айтканда, депутат Чолпон Султанбековага “Даңк” ордени ыйгарылса, депутат Камила Талиева менен Надира Нарматовага “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамдары берилди.

“Сыйлык силердики болсо, сыймык биздики. Бар болуңуздар”, – деген төрага депутаттардын атынан сыйлык ээлерин куттуктады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version