Жогорку окуу жайга өтүү үчүн босого баллы белгиленди

Жогорку окуу жайга өтүү үчүн босого баллы белгиленди

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн минималдык босого баллды бекитти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105ке түшүрүлдү  (медицина жана формация адистиктеринен башкасы).

Бул чечим “Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар ассоциациясынын” жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын сессиялардагы кайрылууларын, ата-энелердин жана абитуриенттердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен кабыл алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>