Жогорку Сот: Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишин создуктурган жок

Жогорку Сот: Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишин создуктурган жок

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишин ар кандай шылтоолор менен созуп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Тартип комиссиясынын отуруму Гүлбара Калиеванын ооруп жатканына байланыштуу жылдырылганы чын. Бул тууралуу оорукананын маалымкаты берилген. Бирок адам ооруп жатканына байланыштуу отурумду жылдыруу мыйзамда каралган жана ал Тартип комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуу катары бааланбашы керек”, — деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Кийин 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин билдирген.

Бирок көп өтпөй бул тууралуу Жогорку Сот УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айыптоолору орунсуз деп маалымат тараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>