Site icon Reporter.kg

Жогорку Сот «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечим чыгарды

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто  Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү каралды.

Бир нече саатка созулган отурумдун жыйынтыгында сот Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Муну менен «Кыргызстан» саясий партиясы шайлоо өнөктүгүнөн четтетилбей турган болду.

Сот жүрүп жаткан учурда сыртта «Кыргызстан» партиясынын жүздөгөн тарапкерлери жана «Кыргызстанды» шайлоо өнөктүгүнөн четтетүүнү талап кылган башка партиялардын өкүлдөрү чогулуп эки башка митинг өткөрүшүп жатты.
Жогорку Соттун алдына болжолдуу 500-600 адам чогулду.
Белгилей кетсек, БШК аларга «Кыргызстандын» документтерин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келгенин айтып документтерин кабыл алуудан баш тартып, шайлоо өнөктүгүнөн четтеткен.
Буга нааразы болгон «Кыргызстан» партиясы БШКнын үстүнөн Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, ал партиянын пайдасына чечим чыгарган.
Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы ал өкүмдү жокко чыгартуу үчүн Жогорку Сотко  кайрылган.

Exit mobile version