Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиев ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Конституциялык палатанын судьясы Курмантай Абдиев ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевди ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны белгилүү болду.

Жогорку Кеңеш Курмантай Абдиевди жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тототуу сунушуна макулдугун берди. Мындай сунушту президент Сооронбай Жээнбеков киргизген. Депутаттарды мындай сунуш менен Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды.

Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Курмантай Абдиев 2019-жылдын 1-октябрында 70 жашка толду. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. Ага чейин Курмантай Абдиев прокуратура органдарында, сот тутумунда иштеген.

Белгилей кетсек, Курмантай Абдиев 2015-жылы Конституциялык палатасынын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайлаган. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>