Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Акылбек Маткеримов каза болду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маткеримов 79 жашта болчу.
Маркум 1941-жылы 23-августта Чүй облусунун Чүй районундагы Жаңы-Турмуш айылында туулган.
Белгилей кетсек, Акылбек Маткеримов Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Акылбек Маткеримов дун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.