Site icon Reporter.kg

Жогорку Соттун төрайымы Калиева бүгүн камакка алынышы мүмкүн

Жогорку Соттун төрайымы Калиева бүгүн камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу “Репортерго” өздүк булактар билдиришти. 

Ага ылайык, Башкы прокуратура Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берген.

Бүгүн, 29-декабрда түштөн кийин Тартип комиссиясы аталган маселени карайт. 

Эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе, УКМК алар алып барып жаткан соттук өндүрүштүн алкагында Калиеваны 48 саатка камакка алат. 

Белгилей кетсек, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Кечээ, 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин билдирген. 

 

 

Exit mobile version