Site icon Reporter.kg

Жогорку соттун төрайымына кылмыш иши козголду

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал Калиева мыйзам бузуп өлкөгө ири зыян келтирген дейт. Бирок так кандай иш экенин айткан жок. 

“Материалдарды дисциплинардык комиссияга өткөрүп бердик. Эгерде комиссия чечим кабыл алса ал жоопкерчиликке тартылат. Ал мыйзам бузуп, натыйжада чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Биз ишти аягына чыгарабыз”, – деди Ташиев.

Exit mobile version