Site icon Reporter.kg

Жогорку соттун төрагасы Түркияда Эрдоган менен жолукту

Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун Түркия Республикасына жумушчу сапары Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин борбордук аянтындагы Улуу Манастын эстелигине баруу менен аяктады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал жерде муниципалитеттин мэри Тургут Алтынок менен жолугушуусу болду. Иш сапар  9-11-май күндөрү уланды.

10-майда делегация Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Элчи кыргыз делегациясына Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана пландары тууралуу маалымат берди.

Андан соң делегация элчи К.Өмүралиев менен бирге Түркиянын Мамлекеттик кеңешинин (Түркиянын Жогорку административдик соту) түзүлгөндүгүнүн 154 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш чаранын ачылышында президент Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Зеки Йигит сөз сүйлөштү.

Салтанаттуу бөлүк аяктагандан кийин иш-чара «Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердеги административдик сот өндүрүшү» деген темадагы симпозиум менен уланып, анда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жетектеген кыргыз делегациясы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз делегациясынын башчысы Замирбек Базарбеков президент Режеп Тайып Эрдоган, Жогорку Кеңештин төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия Республикасынын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа, Түркия Республикасынын Башкы прокурору Бекир Шахин жана Түркия Республикасынын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушту.

11-майда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков менен Түркия Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Төрагасы Зеки Йигиттин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар административдик сот өндүрүшү жаатында да тажрыйба алмашышты. Ошондой эле тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташууну макулдашып, Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында туруктуу негизде иштеген административдик юстиция тармагында өзүнчө уюм түзүүнүн максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Exit mobile version