Site icon Reporter.kg

Жогорку соттун төртүнчү орун басары пайда болот. Ага 3,44 млн сомго унаа сатып алынат

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун төрагасынын төртүнчү орун басары кызмат ордун түзүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев билдиргендей, жаңы орун басар Жогорку соттогу 31 судьянын ичинен тандап алынат. Ал сот тутумунун санариптештирүү тармагына жооптуу болот.

Жаңы орун басарлык кызматты түзүү үчүн бюджеттен кошумча 4 млн 653,2 миң сом сом чыгымдалат. Бул акчанын 3 млн 446,8 миң сому жаңы орун басарга кызматтык унаа алууга, 250 миң сому күйүүчү майга, 772,4 миң сом айдоочусу менен катчысынын айлыгына жумшалат. Ошондой эле анын өзүнө айлык төлөөгө жылына кошумча 162 миң сом керек болот. Төртүнчү орун басар боло турган Жогорку соттогу судья учурда мамлекеттен айлык алат. Анын жылдык маянасы 2 млн 59 миң сомду (айына 171,5 миң сом – ред.) түзөт. Ошондо орун басардын айлыгы андан 162 миң сомго көп болгондо, ал жылына 2 млн 221 миң сом же айына 185 миң сом айлык алат.

Exit mobile version