Site icon Reporter.kg

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Аскар Акаев

Жогорку Кеңеш мурдагы президент Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты. Мындай чечимди парламент бүгүн, 25-сентябрда кабыл алды

Белгилүү болгондой, буга чейин Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кат жолдоп, анда депутаттык комиссия түзүп, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы аны экс-президент макамынан ажыраткан декретин жокко чыгарып, «экс» макамын кайтарууну өтүнгөн.

Парламенттин тармактык комитети анын арызын карып чыгып, Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин өтүнүчүн четке кагууну сунуштаган. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар Акаевге «экс» макамын кайтаруу үчүн депутаттык комиссия түзүүдөн баш тартты.

Эскерте кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин бийликтен кулатылган. Акаев өлкөдөн качып, Москвага кеткен. Кийинчерээк кызматын тапшырган.

Арадан 16 жыл өткөңдөн кийин 2021-жылы Акаев Кыргызстанга кайтып келген. Ал Кыргызстанга «Кумтөр» иши боюнча сурак бериш үчүн келгени жана тергөө менен келишим түзгөнү кабарланган. 2021-жылдан кийин Акаев Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен.

2023-жылдын башында Башкы прокуратура Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иш жоопко тартуу мөөнөтү өткөндүктөн жабылганын билдирген.

Акаев россиялык басылмаларга курган маектеринин биринде пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканын билдирген.

Быйыл 5-сентябрда Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Exit mobile version