Site icon Reporter.kg

Жол чыракка токтогон унааны сүзгөн айдоочу ооруканага түштү — видео

Бишкекте жол чыракка токтогон Mazda унаасын аркасынан сүзүп алган айдоочу ооруканага түштү. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирип, видеосун Телеграм каналы чыгарды.

Маалым болгондой, жол кырсык Фрунзе менен Исанов көчөлөрүнүң кесилишинде 24-январга караган түнү саат 01:30дар чамасында болгон.

Искаковдун айтымында, жол чыракка токтоп турган Mazda унаасын LADA Priora унаасы катуу ылдамдыкта келип аркасынан сүзгөн.

LADA Priora’нын айдоочусу коопсуздук курун тагынбагандыктан, унаасынын алдыңкы айнегин башы менен сүзүп, жаракат алган. Аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Mazda’нын айдоочусу жабыркаган эмес.

Exit mobile version