Site icon Reporter.kg

Жол эрежесин бузуп айдаган той кортежинин айдоочусуна айып салынды

Социалдык тармактарда “Toyota Camry” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу одоно жол эрежесин бузуп айдап бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бүгүн Жол кайгуул кызматы аталган автонун айдоочусу табылып, ага айып салынганын кабарлады. Ага автоээнбаштык жасап, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып, жасалма номур тагып айдагандыгы үчүн 55 миң сом төлөйт.

Той кортежди коштогон башка унаалар дагы изделүүдө.

Exit mobile version