Site icon Reporter.kg

Жол кирени карта менен төлөө. Айдоочуларды ыктыярчылар көзөмөлдөйт

Коомдук транспортко жол кирени накталай алган айдоочуларды ыктыярчылар көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мэриянын маалыматында, 60 ыктыярчы ишке тартылды. Алар күнүнө айдоочулар менен бирге жолго чыгышат.

Белгилей  кетсек, буга чейин жол кирени накталай алган айдоочуларга айыппул салынган.

Бишкек шаарында коомдук транспорт 20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version