Site icon Reporter.kg

Жол кирени накталай алган айдоочулар жумуштан алынды

Борбор калаада жол кире акысын накталай алган автобус айдоочулары жумуштан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №6, №36, №195 каттамдын үч айдоочусу жумуштан кетти.

Мындай чечим “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйынында чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version