Site icon Reporter.kg

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчи орун басары кармалды

Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары «С.Н.Р.» коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Такталгандай, кармалган адам патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлердин жумушка ороноштуруу жана  кызматкерлердин жогорулатуу үчүн акча каражаттарын алып турган.

Бул факты Жазык кодексинин 328-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 

Кармалган адам  УКМК тергөө камак жайынына киргизилди.

Exit mobile version