Россияда кыргызстандык айдоочу катышкан жол кырсыгында «Спутник V» вакцинасын биринчи сыноочу каза болду
11-июлда Ленинград облусунда Сапёрное — Мельниково — Кузнечное жолунда оор жол кырсыгы катталды. MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 32 жаштагы кыргызстандык айдоочусу рулда болуп, унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Audi Q7 унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен дароо ошол жерде көз жумган киши — «Эскеллена» медициналык уюмунун директорлор кеңешинин башчысы Константин Захаров болгон. Ал «Спутник V» вакцинасын биринчи болуп өзүндө сынаган адам катары белгилүү.
Күбөлөрдүн айтымында, MAN унаасынын сол дөңгөлөгү жарылып, унаа башка тилкеге чыгып кеткен. Константин кырсыктан качууга аракет кылганы менен жүк ташуучу унаа анын айдоочу тарабын сүзүп өткөн.
Бул факты боюнча РФнын Жазык кодексинин 264-беренеси (жол эрежесин бузуу адам өлүмүнө алып келген учурда) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.