Site icon Reporter.kg

Жол кырсыгына кабылган Асел Кадырбекованын абалы оор

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына учурап, оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.

Оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековдун айтымында ырчынын баш мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө эс учун билбеген абалда жатат.

26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун машинеси менен «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан.

Жол-кайгуул кызматы эки автоунаадагы үч киши түрдүү жараат алганын кабарлаган.

Exit mobile version