Кыргызстанда 11-ноябрдан 21-ноябрга чейин «Рулда» аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Рейд учурунда мас болуп унаа башкарган, жасалма мамлекеттик номер тагып алган, жарандардын уйкусун бузуп, автоээнбаштык жасаган айдоочулар кармалып, айыпка жыгылат.
Ошондой эле чет өлкөдө катталган унаалардын, ишкана-мекелерге, анын ичинде мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке таандык кызматтык унаалардын камсыздандыруу полиси (ОСАГО) текшерилип, полиси жок болгондорго 13 миң сомдон айып салынат.