Site icon Reporter.kg

Жол жээгине чейин чыгып башамалан соода кылгандарга айып салынды

Жол жээгине чыгып, башамалан соода кылгандарга 627 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын Жол козөмөлдөө бөлүмү 14нөн 18-октябрга чейин рейд өткөрүп, жол жээгине чейин чыгып мөмө-жемиш, курулуш материалдарын, күйүүчү май жана суусундуктарды саткан жарандарга 209 протокол түзүп, 627 миң сом айып салган.

Exit mobile version