Site icon Reporter.kg

Видео: Жоламан чемпион! Сербияда Кыргызстандын гимни жаңырды

Бүгүн, 13-сентябрда Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) дүйнө чемпиону болду.

Финалда ал болгариялык Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсебинде жеңди.

Беттештен кийин сыйлоо аземи өтүп, кыргызстандык балбандын жеңишинин урматына жеңүүчү өлкөнүн гимни жаңырып, туусу желбиреди.

Белгилей кетсек, бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандын гимни экинчи ирет жаңырып жатат. Буга чейин Акжол Махмудов алтын уткандан кийин  Кыргызстандын гимни ойнотулуп, туусу желбиреген. Спорттук мелдештерде жеңүүчү өлкөнүн гана гимни коюлат.

Сербиядагы дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар. Буга чейин Айжол Махмудов (77 кг) алтын, Амантур Исмаилов (67 кг) коло байге уткан. Алдыда балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло үчүн күрөшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version