Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнө турганын билдирди.
Шаршенбеков бүгүн, 13-августта Париждеги Олимпиадага катышкан башка балбандар менен бирге Бишкекке кайтып келди. Борбор калаадагы эски аянтта спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өтүп, андан кийин Тарых музейинде маалымат жыйын уюштурулду.
Маалымат жыйында журналисттердин бири Шаршенбековдун ата-энеси ал жакында үйлөнө турганын билдиргенин айтып, спортчу быйыл үйлөнөбү деген суроо узатты.
Жоламан Шаршенбеков ата-энесинин сөзүн ырастап, «быйыл үйлөнөм» деп кыска жооп берди.