Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
Шаршенбеков 60 кг салмакта күч сынашууда. Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык Айдос Султангали 6:3 эсебинде жеңди.
Андан кийин чейрек финалда румыниялык Резван Арнаутту 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда ал япониялык Кеничиро Фумита менен беттешет.