Жоламан Шаршенбеков Түркиядагы Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду.
Кыргызстандык сплортчу 8-мартта 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 20 спортчу катышты.
Жоламан Шаршенбеков Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын спортчуларын 3 ирет катары менен жеңип, финалга чыкты.
Ал эми алтын үчүн беттеште Шаршенбеков ирандык спортчуну жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги алтынчы медаль болду – 3 алтын жана 3 коло.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз