Site icon Reporter.kg

Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти

Жолдошбек Көлбаев Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Көлбаев кызматтан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен жазган.

Анын ордуна Кубаныбек Конгантиев дайындалды. Ал бул кызматты Париждеги Олимпиада оюндары аяктаганча аркалайт.

Эскерте кетсек, Жолдошбек Көлбаев — маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси.

Exit mobile version