Site icon Reporter.kg

Жолдун каршы тилкесине чыгып айдаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды (видео)

Бишкекте жолдун карама-каршы тилкесине чыгып унаа айдаган кичи автобустун айдоочусу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, №215 каттамдагы кичи автобустун айдоочусу Манас көчөсү менен баратып, карама-каршы тилкеге чыгып, авариялык абал жараткан. Аталган айдоочуга протокол толтурулуп, 15 миң сом айып пул салынган.

Ошондой эле айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Exit mobile version