Site icon Reporter.kg

Жолдун ортосунда унаасы менен оюн салган айдоочу айыпка жыгылды (видео)

Чүйдүн Москва районунда автоээнбаштык жасаган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек — Ош унаа жолунда «Мерседес Бенц» унаасынын айдоочусу автоээнбаштык кылганы тартылган видео тараган.

Жол тескөөчүлөрү видеодогу айдоочуну издеп таап, жалпы 21,5 миң сом айыппул салган. Ошондой эле анын унаасы айып короого коюлган.

Exit mobile version